Меню
Эл-Сөздүк

Следственный эксперимент

ТЕРГӨӨ ЭКСПЕРИМЕНТИ – тергөө аракети, анын маңызы кылмыш ишиндеги иш жүзүндөгү маалыматтарды тергелип жаткан окуяларга мүмкүн болушунча жакындатылган шарттарда тажырыйба жана сыноо өткөрүү менен текшерүүдө турат. КР кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарына ылайык, тергөөчү белгилүү бир окуяда болгон аракеттерди, анын кырдаалын жана башка жагдайларын кайра түзүү жана зарыл тажырыйбаларды өткөрүү жолу менен тергөө экспериментин жүргүзүүгө укуктуу. Мында кандайдыр бир фактыларды кабылдоонун, белгилүү бир аракеттерди жасоонун, кандайдыр бир окуя болушунун мүмкүндүгү текшерилет, ошондой эле болгон окуянын ырааты жана издердин калуу механизми айкындалат. Экспериментке катышкан адамдардын денсоолугуна жана өмүрүнө коркунуч туулбаган, алардын кадыр-баркына доо келбеген учурда гана Т. э-н жүргүзүүгө жол берилет. Т. э-н өткөрүүдө калыс күбөлөр катышууга тийиш.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Следственный эксперимент

Русский Кыргызский
эксперимент; тажрыйба;
предметом закупки является проведение исследований, эксперимент, подготовка научного заключения или предоставления каких-либо других специализированных служб. иликтөө, эксперимент, илимий корутунду даярдоо же дагы башка өзгөчө мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жүйөсү болуп саналат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: